Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусу, Ош 24.04.2018 20:11

Ош ОИИБдин жетекчиси болуп Нурдин Маликов дайындалды

Turmush -  Ош ОИИБдин жетекчиси болуп милициянын полковниги Нурдин Маликов дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы жетекчини бүгүн, 24-апрелде түзүмдүн өздүк курамы менен ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Ош ОИИБдин мурдагы жетекчиси, милициянын полковниги Мурат Боронов Ош ШИИБдин жетекчиси болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×