Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Алайлык мугалим Чыныбек Козукеев жердештеринин айкелин жасап баштады (фото)

Turmush -  Алай районунун тургуну Чыныбек Козукеев белгилүү жердештеринин айкелин жасоону максат кылат. Ал быйылкы жылы алгачкылардан болуп музыкалык мектепти негиздеген Сами Доороновдун бюстун жасаган.

Чыныбек мырза кесиби боюнча скульптор. Ал бир топ жылдан бери окуучуларга сүрөт тартууну үйрөтүп келет.

«Мен быйыл чыгармачылык менен иштейин деп, Алайдан чыккан белгилүү, эмгеги сиңген инсандардын бейнесин чагылдырып, айкелдерин жасоонун алдында турам. Быйыл Сами Доороновдун айкелин жасадым. Ошону менен катар окуучуларга үйрөтүү үчүн Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына катара анын элесин берген кичинекей айкелин жасап чыктым. Азыркы учурда окуучулар дагы скульпторлукка кызыгып, ар кандай айкелдерди жасоону үйрөнүп жатышат. Мен жакынкы күндөрдө Алымбек датка, Камчыбек, Ысакбек Монуев, Кубатбек Жусубалиевдин бюстун жасасам деп максат кылып жатам», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 520
×