Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Ош

Фото - Бир нече жолу оодарылган «Мерседес-Бенц» талкаланып, 27 жаштагы айдоочу каза болду

Turmush -  Чоң-Алай районунун аймагында катуу ылдамдыкта бара жаткан автоунаа бир нече жолу оодарылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 26-апрелге караган түнү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын катышуусунда Сары-Таш—Карамык автоунаа жолунун 74-чакырымында болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу — Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен оор жаракат алган айдоочу окуя болгон жерде көз жумуп, учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2841
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×