Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуАлай району 27.04.2018 18:28 Жаңыланды: 02.05.2018 08:35 На русском

Баракелде!: Жыгач менен таштарга жан киргизген Абдилазиз Шапаковдун уникалдуу эмгектери (фото, видео)

Turmush -  Алай районундагы Чакмак айылынын тургуну Абдилазиз Шапаков 18 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип келет. Учурда устанын үйүнөн жан-жаныбарлардын жетиден жасалган сөлөкөтүн көрүүгө болот. Кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеологиялык түшүнүктү ал жаныбарлардын жашоосунда да чагылдырып көрсөткөн. Абдилазиз Шапаковдун ушундай уникалдуу эмгектери менен Turmush басылмасынын кабарчылары таанышып кайтышты.

Өзүнүн айтымында, 18 жылдан бери жасаган буюмдарынын саны миңден ашты. Таш менен жыгачка экинчи өмүр тартуулаган уста музей ачуу үчүн жер сурап, бир катар мамлекеттик органдарга кайрылган. Бирок ушул күнгө чейин жер маселеси чечилбей, жасаган буюмдарын үйдө сактоого аргасыз болууда.

«Мага устачылык өнөр кандан өткөн. Атам, чоң атам да чоң уста адамдар эле. Мен байлыктын артынан кууганым жок, мен өнөрдүн артынан куудум десем болот. 18 жылдан бери жыгач менен иштеп келем. Ар бир эмгегимди композиция кылып түзүүгө аракет кылам.

Бир жылдары өлкөдөн жыландар чыгып кеткен. Ошондо катуу таасирленген экенмин. Анткени жыландар байлыктын, ден соолуктун белгиси. Мен өлкөдөн чыгып кеткен жыландарды кайрадан кайтаруу үчүн ушул күнгө чейин дарактардын тамырынан жылан жасап келем. Жыландар деле көч болуп, жер которушат. Көчтүн алдына балдарын, ортосуна апаларын, ал эми эң аягына көчтүн башчысы болгон чоң жылан коштоп кетет. Мен жыландар дагы башын көтөрүп жүрсүн деп, башы көтөрүлгөн жыландарды көп жасайм», - деди ал.

Илгертеден ата-бабаларыбыз үңкүрдө, алачыктарда жашап, акырындык менен боз үй жасоого өтүшкөн. Устанын эмгектеринен кыргыздын алгачкы коломтолорун да көрүүгө болот. «Кыргыздар жер которуп жашаган көчмөн эл болгон. Алгач үңкүрлөрдө, алачыктарда жашап, убакыттын өтүшү менен боз үйлөрдү жасоону үйрөнүшкөн. Мен ошол көрүнүштү унутта калтырбай, көчмөн эл экенибизди даңазалап, кыргыздын улуу көчү менен боз үйлөрүн жасап чыктым», - деди.

Ошондой эле акыркы 2-3 жылдан бери ташты оюп, жаныбарлардын сөлөкөтүн түшүрүп келет. Уста таштардын дүйнөсүнө аралашып калуусуна айылдашынын иренжиткен сөзү түркү бергенин айтты.

«Бир күнү талаага барып, эки чоң ташты көрүп калдым. Жолдо өтүп бара жаткан унаалардын бирин токтотсом, айылдашым экен. Айылдашыма эки таш менен үйгө жеткирип коюусун сурансам: "ташта эле ташта, бул элдин байлыгы" деп ынабайт. Ошондогу ызыланганымды айтпа. Таш элдин байлыгы, бирок ал пайдаланылбай жерде жатат. Ошондо оюма таш менен иштөө тууралуу идея келди. Ошол күндөн тартып түрдүү формадагы таштарды чогултуп,ага чегип сүрөт тарта баштадым. Өзүмдүн таманым менен колумдун манжасын, неберелеримдин манжаларын таш бетине түшүрдүм», - дейт уста.

Абдилазиз мырза жаныбарларды дагы өзгөчө бөлүп жасаган. Ал ар бир жаныбарларды балдары менен чогуу жасайт. Ошону менен катар устанын эмгектеринен ар бир жаныбардын жетиден жасалганын байкоого болот.

«Мен карышкырдан тартып, жолборс, тоо текелери, бакалардан бери жетиден жасадым. Адам баласын деле ким экендигин жети атасынан улам билип келебиз. Ошондуктан мен жети санына көп кайрылам», - деди ал.

Устанын эмгектеринин басымдуу бөлүгүн жыландар менен жолборстор түзөт. Ал бул эки жаныбарды колдоочусу катары көрүп, экөөнүн элесин көп чагылдырган.

«Үйгө ким болсо да саламдашып, учурашып кирет. Атайын менин жоктугумду билдирбейин деп жыгачтан жасалган колду каалгага жайгаштырып койгом», - деди ал.

Абдилазиз мырза өзгөчө эмгектеринин дагы бири деп хандар отуруучу отургучтарды атады. Ал эмгектеринин артынан көптөгөн мааракелерге катышкан. Бирок ал быйыл өтүүчү Көчмөндөр оюнуна барбай тургандыгын билдирди. Анткени буюмдарын көтөрүп, жүктөп барууга мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми райондук администрация тарабынан буга чейинки майрамдарда колдоо көрсөтүлбөй, убара гана тартып келгенин кошумчалады.

Уста 18 жылдан бери топтогон уникалдуу буюмдарын музейге коюп, элге көргөзүүнү максат кылат. Ал мындан бир топ жыл бардык тиешелүү жетекчилерге кайрылган. Бирок ушул күнгө чейин музей ачууга жер берилбей келет.

«Мен музей ачууга жер сурап, көп жерге кайрылдым. Убагында губернатор болуп турганда президентибиз Сооронбай Жээнбековго да кайрылган элем. Ал ошол убакта жерди райондук администрация бере турганын билдирген. Бирок Алай райондук администрациясы жер берилет деген бойдон унутта калтырды. Башка өлкөлөрдө чөмүчтөрдүн деле музейи бар...», - деди А.Шапаков.

Абдилазиз мырзаны атайын издеп келип, эмгектерин өзгөчө кызыгуу менен көрүп кеткендер өтө көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×