Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Бөрүлүү мезгил: Алайлык аңчылар жайлоодон 2 карышкыр атышты (фото)

Turmush -  Кечээ, 27-апрель күнү Алай районунун Курулуш айылындагы мергенчилер жайлоодон 2 карышкыр атышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Алтынбек Абылаев билдирди.

Анын айтымында, учурда эл малын алып жайлоого чыгып жаткандыктан карышкырлар көп болуп жатат.

«Биздин айылдагы 3 мергенчи кышы менен карышкырларды артынан түшүп атышкан. Азыр жайлоого мал кетип жатканына байланыштуу карышкырлар көбөйө баштады. Мындан улам мергенчилерибиз Така жана Жанай жайлоолорунан 2 карышкыр атышты. Карыштырды Акназар Садыков деген мергенчибиз аткан», - деди Абылаев.

Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаров учурда мергенчилер Бүлөлү айылына да карышкырга ууга чыгышканын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 769
Көп окулду
×