Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 30.04.2018 15:27

Чоң-Алай районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Бүгүн, 30-апрелде Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 12:30да Ош облусунун аймагында (Алай тоо кыркалары) күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Ачы-Суу, Жар-Башы айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×