Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Кара-Кулжанын 4 айылында гана ичүүчү таза суу санитардык талаптарга жооп берет

Turmush -  Кара-Кулжа районунун 4 айылында гана ичүүчү таза суу санитардык нормаларга жооп берет. Буга байланыштуу аталган райондогу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна суунун сапатын аныктоочу жабдуулар алынып келди.

Аталган борбордун башкы дарыгери Жээнбек Дөкбаевдин айтымында, жабдыктын жалпы баасы 2 млн 264 миң сомго жетет.

«Санитардык-гигиеналык, санитардык-бактериологиялык, паразитологиялык лаборатория бар. Биз буга чейин суунун сапатын аныктоодо кыйналып келгенбиз. Эми Россия Федерациясынын каржылоосу менен жаңы жабдуулар алынып келди. Бизге бир топ жеңилдиктер болуп калды. Мындан сырткары лабораторияларга аристон орнотулуп, ысык суу, муздак суу чыгарылды», - деди Ж.Дөкбаев.

Ал эми Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториялык изилдөө бөлүмүнүн башчысы Бахадыр Адахамовдун айтымында, лабораториядагы жабдуулар СССР мезгилинен бери жаңыланбай, анализ чыгарууда бир топ көйгөйлөр болуп жатат.

«Ош облусу боюнча 8 лабораториялык борбор бар. Химиялык, микробиологиялык, паразитологиялык лабораториялар калк ичүүчү суунун тазалыгын, тамак-аш, азык-түлүктүн курамын текшерүүдөн өткөрүп турушат. Буга чейин лабораториялардын материалдык-техникалык базалары эскирип, жабдуулар СССР мезгилинен бери алмаштырыла элек. Жабдуулардын мөөнөтү өтүп кеткен. Көпчүлүгү иштен чыгып, керектүү тетиктери жок болуп, кыйынчылыктарды жаратып жатат. Аныкталуучу көрсөткүчү кайрылуучулардын талаптарын толугу менен аткара албай келген. Эми пилоттук деп тандалган Өзгөн, Кара-Кулжа, Ноокат райондоруна жабдуулар келип баштады», - деди Б.Адахамов.

Жалпы район боюнча 49 айыл бар. Анын ичинен 30 айыл таза суу менен камсыз болгонун район акими Примберди Дыйканов билдирди.

«Буга чейин БУУнун өнүктүрүү программасы таза суунун сапатын текшерүүдөн өткөрүшкөн. Жыйынтыгында район боюнча ичүүчү суу менен камсыз болгон айылдардын ичинен 4 айылдан гана чыккан таза суу талапка жооп берген. Быйыл таза суу чыгаруу боюнча 5 жылдык долбоор иштеп жатат. Буйруса 5 жыл ичинде район толугу менен санитардык нормага туура келген таза суу менен камсыз болот», - деди П.Дыйканов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 786
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×