Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 02.05.2018 11:46 Жаңыланды: 02.05.2018 13:26 На русском

«Мерседес» 10 жаштагы баланы сүзүп өлтүрүп, 64 баш койду тебелеп кетти (фото)

Turmush -  Кечээ, 1-май күнү саат 21:00 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там автоунаа жолунун 41-чакырымындагы жол кырсыктын кесепетинен 10 жаштагы бала көз жумду. Окуя Кара-Суу районунун Бекжар айылында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын катышуусунда болгон.

Аймактык кабарчы тактаган маалыматтар боюнча, 2008-жылы туулган М.Б. окуядан кийин Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына жетпей көз жумган. Ал жолдун четинде койлорду айдап бара жатканы маалым болду. Автоунаа ал айдап бара жаткан 64 баш койду кошо тепселеп кеткен. Алардын канчоосу өлгөнүн тактап жатышат.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери уланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, унааны Өзгөн районунун тургуну башкарып бара жаткан.

Кийинчерээк Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны 1997-жылы туулган айдоочу башкарып бара жатканын тастыктады. Ал эми жүк тарткан унаа «Кока-Кола» компаниясына тиешелүү болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×