Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Ош 02.05.2018 12:55 Жаңыланды: 02.05.2018 13:17 На русском

37 жаштагы Саибжан Турдуев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Turmush -  Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп Турдуев Саибжан Эркинбаевич дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койгонун бүгүн, 2-майда мэриядан кабарлашты.

1981-жылы туулган С.Турдуев «Бир Бол» партиясынын мүчөсү. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аталган партиядан талапкер болгон.

Ал эми Ош шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×