Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуНоокат району 03.05.2018 14:44 Жаңыланды: 03.05.2018 16:15 На русском

Ноокаттагы эсепчинин сырдуу өлүмү: Өлүм алдында жазылган кат жана 5 млн сомдон ашкан карыз (видео)

Turmush -  Бүгүн, 3-майда АКИпресс-Ошто асынып каза болгону айтылган Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Абдижамбил Нурматовдун жакындары маалымат жыйын өткөрүштү. Алар өлүмгө себеп болгон жагдайларды иликтөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшүп, президентке кайрылышты.

Алардын айтымында, айыл өкмөттүн ошол убактагы башчысы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондо маркум көп суммада карызга батып кеткен.

Башкы эсепчинин денеси 2017-жылдын 18-сентябрында асынып турган абалда табылган болчу. Айрым маалыматтар боюнча, анын элден алган карызы 5 млн сомдон ашкан.

Маркумдун бир тууган иниси Таникул Нурматов агасы алган карыздын 1 сомун да үйүнө алып барбаганын айтат. «Агам 40 жыл бухгалтер болуп иштеди. Бул кишидей таза, кичи пейил киши аз. Өлөрдөн мурда кат жазып кетиптир. Каза болгон күнү телефону менде болчу. Ошол күнү эле бирөө чалып, карыз доолаган. Ал аялдан да 20 пайыздык үстөк менен карыз алган экен. Анын үстөгү да көбөйүп, азыр коркутууга чейин барып жатышат. Чындык барбы?

Аласасын доолаган аял 1 млн 320 миң сом акчаны өндүрүү боюнча сотко кайрылыптыр. Маркум агамдын бала-чакасы жашап жаткан үйдү алып бергиле деп талап кылган. Бирок агам карызга алган акчаны толугу менен айыл өкмөткө пайдаланып жүргөн. Үйгө эч нерсе алып келген эмес. Агамдын карыз болушу мурдагы айыл өкмөт башчынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгонунан башталган. Бул иштин чындыгы ачыкка чыксын», - деди Таникул Нурматов.

Маалымат жыйындын катышуучулары укук коргоо органдарынан ишти тыкыр карап чыгууну суранышты. Алар маалымат жыйында маркумдун акыркы катын да көрсөтүштү.

Маркум көз жумганга чейин жазып калтырган катта (өзгөртүүсүз): «Адамзатта мендей эч ким болбосун. Мени ушул акыбалга алып келгендер менен акыретте эсептешебиз.Турмушум үчүн эч кимге карызым жок.

Балам Замир, сенин эсиң бар. Эч кимди күнөөлөбө. Бардыгын сага тапшырдым. Апаңды, карындашыңды этият кыл. Инилериңе баш-көз бол. Мени кечир балам. Кайыр кош!», - деп жазылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×