Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Фото - Этнофестивалда аксакалды ат коюп кетти: Тез жардам унаасынан дарыгерлерди эмес, ырчылардын кийимдерин табышкан

Turmush -  Кара-Кулжанын Алайкуу өрөөнүндө өтүп жаткан этнофестивалды көргөнү келген аксакалды атчан жигит коюп кетти. Айрым маалыматтар боюнча, аттын үстүндөгү жигит мас абалда болгон.

Окуяга күбө болгондор токтоп турган медициналык тез жардам кызматынын автоунаасынын ичинен дарыгерлерди табышкан жок, деп билдирди аймактык кабарчы. Дарыгерлер бир нече жолку чакыруудан кийин гана жардамга барышкан. Ал эми тез жардам автоунаасынын ичинде өнөрпоздордун буюмдары турат. Ошондой эле ошол учурда коомдук тартипти көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери болгон эмес.

Жабырлануучу аксакалдын башы жарылган. Ага бир аз убакыттан кийин дарыгерлер жардам көрсөтүп башташты.

Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы, жабыркаган аксакал ооруканага жеткирилип, бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Этнофестиваль уюштурулган аймакка 20 милиция кызматкери бөлүнгөн. Алар коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат. Ошол жерде укук коргоо органдары болгон эмес деген маалымат чындыкка дал келбейт», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Алгачкы жолу чет элдик туристтердин катышуусунда уюштурулган «Алайкуу-2018» этнофестивалынын негизги бөлүгү бүгүн, 5-майда өткөрүлүп жатат.
Фестивалдагы көргөзмөгө жергиликтүү тургундар кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин, улуттук тамак-аштын түрлөрүн алып чыгышкан. Аталган фестиваль Ош облустук интеграциялык өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулуп, концерттик программалар, улуттук оюн болгон ат оюндары менен уланат. Ошондой эле алгачкы жолу сүттү кайра иштетүүчү цехтин ачылышы болот.

Фестивалга жалпы 20 боз үй тигилген жана аларда туристтер үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Чет өлкөдөн келген туристтердин басымдуу бөлүгү боз үйдүн жасалгасына таң калып, кыргыздын көөнөрбөс мурастарына жогорку баа берүүдө. Алардын бири — америкалык Карл Лайлес Алайкууга алгачкы жолу келди. Ал кыргыздын улуттук оюндарына кызыга тургандыгын, ордо оюнун ойноп көрүүнү пландап жатканын айтты.

«Мен Орто Азияга биринчи жолу келишим. Салттары, тамак-аштары, улуттук оюндары абдан жакты. Досторумду да Алайкууга алып келейин деп ойлоп жатам. Анткени жаратылышы мени таң калтырды»,-деди Карл Лайлес.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7346
Көп окулду
×