Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 13 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 7-майда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Чоң-Алай районунун Жакенди айыл аймагындагы Сары-Таш—Карамык жолунун 121-чакырымында «Жигули» унаасы (мамлекеттик номуру М916rusXA) толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле ушул эле себеп менен Ысык-Көлдөгү Түп районунун Түп айылында аянты 60 чарчы метр дүкөн жана мончо толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 273
×