Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ош

Кыз куумай, көк бөрү, эр эңиш: «Алайкуу - 2018 » этнофестивалындагы улуттук ат оюндары (видео, фото)

Turmush -  Туристтик сезондун башталышына карата өткөрүлгөн «Алайкуу - 2018» этнофестивалында улуттук оюндардын 7 түрү көрсөтүлдү. Алар — ат жарыш, кыз куумай, жорго жарыш, аркан тартыш, бука тартыш, эр эңиш жана көк бөрү оюну.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, аталган ат оюндарына Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар, Ой-Тал, Алайкуу айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү тургундары катышты. Ат оюндары көчмөндөр цивилизациясын жайылтуу максатында уюштурулган.

Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйкановдун айтымында, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата туристтик сезон Алайкууда башталды.

«Ааламга кеткен жол айылдан башталат дегендей, региондорду өнүктүрүү жылына карата туристтик сезонду Алайкуудан баштадык. Башкы максатыбыз — ички жана сырттан келген туристтерди тартуу, элдин жашоосун жакшыртуу, көчмөндөр цивилизациясын даңазалоо болуп саналат. Алайкуудагы Кулун-Ата көлү, Ажике жайлоосу эс алуу үчүн абдан сонун жерлер. Фестивалга жергиликтүү тургундар да активдүү катышууда. Тамак-аштын түрлөрү, кол өнөрчүлөр тиккен буюмдар көргөзмөгө коюлду», - деди П.Дыйканов.

Ал эми Кыргыз экотуризм коомдук бирикмесинин төрагасы Амандосбек Зикиров билдиргендей, этно шаарчада тигилген 22 боз үй туристтик сезон бүткөнгө чейин туристтерге кызмат көрсөтөт. Ошондой эле аталган аймакка темир, жыгач, жүн иштетүүчү чакан цехтер курулат.

Улуттук оюндардын жыйынтыгы:

Аркан тартыш: 1-орун — Ой-Тал айыл өкмөтү, 2-орун — Кызыл-Жар айыл өкмөтү;

Бука тартыш: 1-орун — Кызыл-Жар айыл өкмөтү, 2-орун — Ой-Тал айыл өкмөтү, 3-орун — Алайкуу айыл өкмөтү;

Эр эңиш: 1-орун — Ой-Тал айыл өкмөтү, 2-орун — Кызыл-Жар айыл өкмөтү;

Жорго жарыш, аламан байге: Алайкуу айыл аймагынын Кан-Коргон айылынын атынан чабылган аттар байгени эңип кетти.

Ал эми көк бөрүнүн финалдык бөлүгүндө Кан-Коргон айылынын улакчылары Кайың-Талаа жана Терек айылдарынан куралган команда менен ойноду. Жыйынтыгында кан-коргондук улакчылар 6:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2251
Көп окулду
×