Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуАраван району 07.05.2018 17:33

Араванда 8 айыл өкмөттү бириктирген көпүрө курулду (фото, видео)

Turmush -  Араван районундагы 8 айыл өкмөттү бириктирген Араван-Сай көпүрөсү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда ачылып, кызыл тасмасы кесилди. Бүгүн, 7-майдагы ачылыш аземге жолдор жана транспорт министри Жамшитбек Калилов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү тургундар күбө болушту, деп билдирди кабарчы.

Өкмөт башчы жолугушууда аравандыктар эмгекчил эл экенин белгиледи.

Жергиликтүү тургун 85 жаштагы Ильяз Абдыкадыровдун айтымында, буга чейин көпүрө жоктугунан айланма жол менен өтүүгө туура келчү.

«Бул көпүрө курулганына аябай кубанып жатабыз. Мурун көпүрө жоктугунан кыйналчубуз. Жолдун экинчи тарабына өтүү үчүн айланма жол аркылуу же асма көпүрө менен араң барчу элек. Көпүрө куруп берген президентибизге рахмат», - деди И.Абдыкадыров.

Ал эми куруучу Асылбек Болушовдун айтымында, көпүрө 5 жылга кепилдик менен курулду.

«Көпүрөнүн курулушу өткөн жылы башталган. Тендердик баасы 16,5 млн сом болуп, 5 жылга кепилдик берилди. Анын узундугу 50 м болсо, туурасы 13,5 метр», - деди А.Болушов.

Аталган райондо жалпы 129 миң адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×