Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуНоокат району 07.05.2018 17:58

«Эмаком Холдинг» курулуш компаниясы ноокаттык 8 спортчуну каржылап, спорт аянтчаларын курууга салым кошот (фото)

Turmush -  Кечээ, 6-май күнү Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагындагы Абшыр-Ата спорт комплексинде спорттун грек-рим түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдеште айыл аймактан 100гө жакын жаш спортчулар күч сынашкан.

Ар кандай салмак даражада килем үстүнө чыккан спортчулардан мыктылары тандалып, алар айыл өкмөт жана «Эмаком Холдинг» курулуш компаниясы тарабынан диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өткөрүлүп, таланттуу спортчуларды аныктоо максатын көздөдү.

Ошондой эле «Эмаком Холдинг» курулуш компаниясынын жетекчиси Эмил Жусупов жаштарды колдоо максатында айылдагы мелдештен жеңүүчү аталган 8 спотчу менен жолугушуп, мындан аркы спорттогу чыгымдарды каржылоо милдетин өз мойнуна алды. Андан сырткары спорттук форма менен да камсыздап турмай болду.

«Мен курулуш компаниянын жетекчиси катары өзүм жашап өскөн айылга барып, Абшыр-Ата спорт комплексинде спорттун грек-рим түрү боюнча мелдешке күбө болуп, жаш спортчуларга колдоо керек экендигин түшүндүм. Мелдешке катышып, ар кандай категорияда жеңүүчү аталган 8 спортчуну каржылык жактан колдоону чечтим. Президентибиз ушул жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп атагандыгы да буга себеп болду. Максатыбыз жаштарга спорт жаатынан дем-күч берүү менен кылмыштуулуктан алыстатып, спортко тартуу. Дүйнөгө кыргыз желегин бийик көтөргөн спортчулар чыгат деп ишенем.

Ар бир ишкер өзү өскөн аймактагы жаш спортчуларды колдоого алса, анда кыргыз өлкөсүндө спорт жааты бир кыйлага өнүгөт деп айта алам. Бул багытты өнүктүрүү үчүн ар бир ишкер өз өлкөсүнө колдоо көрсөтүүнү колго алуу керек деп ойлойм. Спорт ден соолукка эле пайда болбостон, өлкөбүздү дүйнөгө таанытууда да чоң чалымын кошот. Буюрса бул иштерди ишке ашырабыз.

Ошондой эле жакында айылдагы кичи футбол аянтчасынын курулушуна 850 миң сом берип, колдоо көрсөттүк. Азыр дагы ошол эле аймактагы кичи спорт аянтчаларын курууга өз салымымды кошууну колго алып жатам», - деди Эмил Жусупов.

Аталган компания Ош шаарында заманбап көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×