Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 09.05.2018 10:59

1 млн сомдук байге: «Исмаил ата» фонду Кара-Сууда кезектеги волейбол жана футбол мелдештерин өткөрдү (видео)

Turmush -  Кечээ, 8-май күнү Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндө 17 айыл өкмөттүн арасында кичи футбол жана волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдешти «Исмаил ата» фонду уюштурган.

Мелдештин байге фонду 1 млн сомду түзүп, 18 кичи футбол командасы жана 18 волейбол командалары күч сынашты. Алардын арасында Өзбекстандан келген волейболчулардын командасы да болду. Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орунду Жаңы-Арык айыл өкмөтүнөн келген команда ээлесе, 2-орунду Папан айыл өкмөтүнөн чыккан команда багындырды. Ал эми 3-орунга Жоош айыл өкмөтүнүн командасы татыктуу деп табылды.

Кичи футбол боюнча мелдеште 1-орунду Жоош айыл өкмөтүнүн командасы алса, 2-орунду Савай айыл өкмөтүнүн командасы жеңип, 3-орунга Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн командасы чыкты.

«Исмаил ата» фондун түзүүчүлөрдүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун айтымында, мындай мелдеш 7 жылдан бери өткөрүлүп келет. Мелдештин максаты — айылдагы спортчуларды өстүрүү.

«Бул жолку спорттук мелдеш абдан жогорку деңгээлде өттү. Жылдан-жылга атаандашуу күчөп, спортко болгон кызыгуу да артып барат. Мындай мелдештерди уюштуруудагы максат — айылдардан мыкты спортчуларды таптап чыгаруу болуп саналат. Өзүңөр билесиңер, айылдардан чыккан эле балдар «EREM» клубунда ойноп, эл аралык, республикалык мелдештерде алдыңкы орундарды камсыздап жүрөт. Мен ойлойм, биздин ушундай жыл сайын өткөрүп жаткан спорттук иш-чараларыбыздын натыйжасынан ушундай спортчулар өсүп чыгууда», - деди И.Матраимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×