Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 09.05.2018 21:53

Кара-Сууда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган кичи футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунда кечээ, 8-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата уюштурулган кичи футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ош облустук футбол мектебинин директору жана ФИФА калысы Бахадыр Кочкоровдун айтымында, аталган мелдешке 6 команда катышты. Алар — облустук А.Момунов атындагы балдар спорт мектебинин «Куршаб» командасы, Араван районунун «Ак жол» командасы, Гүлчө айыл өкмөтүнөн «Алай Датка» командасы, Кара-Суу районунан «Кара-Суу», «Пахтакор» командалары жана А.Момунов атындагы футбол академиясынын командасы.

Жыйынтыгында 1-орунду «Куршаб» командасы жеңип алса, 2-орунду «Ак жол» командасы багындырган. Ал эми 3-орунду «Алай Датка» командасы ээледи.

Кичи футбол боюнча мелдешке Россиянын Ош шаарындагы консулдугунун өкүлү Николай Мешеряков, ФИФА калысы Бахадыр Кочкоров жана облустук А.Момунов атындагы балдар спорт мектебинин директору күбө болуп, жеңүүчүлөрдү кубок жана медалдар менен сыйлашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×