Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ош

Өзгөндө Жеңиш күнүнө карата согуштун ардагерлерине 10 миң сомдон берилди (видео, фото)

Turmush -  Өзгөн районунда согуштун ардагерлерине акчалай жардам көрсөтүлүп, ооруктун ардагерлерине азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Өзгөн шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Рахманжон Атажанов билдирди.

Анын айтымында, райондо согуштун 6 ардагери калган. Алардын ичинен бирөө Өзгөн шаарынын тургуну.

«Өзгөн шаардык мэриясынын бюджетинен согуштун ардагерлерине 10 миң сомдон каралып, бүгүн тапшырылды. Мындан тышкары, оорукта эмгектенген 52 ардагерге азык-түлүктөр берилди. Жеңиш күнүнө арналып майрамдык иш-чара уюштурулуп, шаардын борбордук бөлүгүндө "Өчпөс полк" жүрүшү өттү. Иш-чара майрамдык концерт менен коштолду. Андан соң ардагерлерге сый-тамак берилди», - деди Р. Атажанов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 821
Көп окулду
×