Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 15 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 17 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 10-майда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагында эки кабаттуу бастырмадан өрт чыгып, анын кесепетинен 72 чарчы метр чатыры жана 100 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Отко этиятсыз мамиле кылуу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себептерден улам Чүйдөгү Сокулук районунун Маловодное айылында бастырмадан өрт чыкты. Өрт учурунда жыгач устундуу шифер менен жабылган 196 чарчы метр чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 810
Көп окулду
×