Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 10.05.2018 13:19 Жаңыланды: 10.05.2018 14:26

Фото - Өзгөндө 80 жаштагы классташтар 60 жылдык жолугушууга чогулушту

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айылындагы мектепте 79 жана 80 жаштагы ата-апалар 60 жылдык бүтүрүү кечесин белгилешти. 60 жылдык кечени уюштуруучулардын бири Рахматулла Абдыраев билдиргендей, бирге окуган 11 классташ мектептин тарыхы жөнүндө китеп да чыгарышкан.

Мектептин имаратынын кире беришине Сары-Челек көлүнүн кооздугун чагылдырган сүрөттү илген 60 жылдыктар класстарга да кирип, окуучу кезин эстешти. Алар парталарга отуруп, сабак да окушкан.

Куршаб айылындагы Амирбек Төлөнов атындагы мектеби 1924-жылы курулган. Ал эми 1927-жылы К.Е.Ворошилов атындагы мектеп болуп өзгөртүлүп, 2016-жылы эски мектептин ордуна жаңы имарат курулган болчу. Эски имарат жалпы 92 жыл кызмат кылган. 1991-жылы мектепке Амирбек Төлөновдун ысымы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×