Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуНоокат району 11.05.2018 09:11

Ноокаттыктар өрттөнгөн мечиттин ордуна жаңы имарат куруп жатышат

Turmush -  Ноокат шаарында өрттөнгөн мечиттин ордуна жергиликтүү эл ашар жолу менен жаңы имарат куруп жатышат. Маруфхан төрө атындагы мечиттин курулуш иштери менен шаар мэри Жоомарт Нурдинов таанышты, деп билдирди мэрия.

Аталган мечиттин курулуш иштеринде архитектуралык нормалар жана коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча атайын түшүндүрмөлөр берилди. Учурда мечиттин курулуш иштери кызуу жүрүп, күзгө чейин толук бүтүрүү аракети көрүлүп жатат.

Мечиттин эски мараты 2018-жылдын 21-январына караган түнү өрттөнгөн. ӨКМ өрт саат 03:50дө чектөөгө алынып, саат 05:15те толук өчүрүлгөнүн билдирдген болчу. Кырсыктын кесепетинен мечиттин 400 чарчы метри күйүп кетип, адамдар жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×