Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуНоокат району 11.05.2018 17:20

Ноокатта дагы бир бала бакча ачылды

Turmush -  Ноокаттын Кызыл-Булак айылында 12 млн 600 миң сомго курулган «Алтын муун - жеткинчек» бала бакчасы пайдаланууга берилди. Ачылыш азем бүгүн, 11-майда белгиленип, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махамадов, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Д.Маматалиев, Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган мекеме 50 балага ылайыкташтырылган. Курулуштун жалпы сметасы 12,6 млн сомду түзүп, заводдордун бири 8 млн сом бөлсө, жергиликтүү бюджеттен 4,6 млн сом берилди.

2017-жылы курулуп баштаган имаратта заманбап шарттар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×