Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Ноокатта электр мамысын сүзгөн «Ауди» толугу менен өрттөндү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-майга караган түнү саат 00:30 чамасында Ош—Исфана жолунун 75-чакырымында башкаруусун жоготкон унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына карганда, «Ауди 80» унаасын Ноокат районунун Бел айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын 1976-жылы туулган тургуну М.Ш башкарып бара жаткан. Ал аталган аймакта рулду башкара албай жолдун четиндеги электр мамычасын сүзүп токтогон. Анын кесепетинен электр мамысы жерге кулап, унаа толугу менен өрттөнгөн. Ал эми айдоочу жаракат алган жок.

Учурда жол кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2361
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×