Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 15.05.2018 11:27 На русском

Айыл турмушу: Өзгөндүк фермер коноктордон таттуу сураган Мигрант тулпарын Россиядан жарым млн сомго сатып келген (фото, видео)

Turmush -  Орлов породасындагы Россиядан алынган жылкылар менен асыл тукум аттарды аргындаштырган Өзгөн районунун Кайнар айылынын тургуну Шайырбек Сатыбалдиев дыйканчылык, бал аары багуунун сырларын да жакшы билет. Ал аталган породадагы жылкыларды 3 жылдан бери багып, жергиликтүү шартка көндүрүп жатат.

Ал Россиядагы чана жарышы боюнча фестивалда 2-орунду алган Мигрант тулпарын 450 миң сомго сатып келген. Учурда Мигрант аймактагы көк бөрүдө эч бир атты алдына салдырбайт.

«Мен Куршабда чоңойдум. Кайнар айылы менин атамдын айылы. Кичинемден тартып эле дыйканчылык кылып, гектарлаган жерлерди иштетип келгем. Убакыттын өтүшү менен ден соолугум начарлап, дыйканчылыкты толугу менен токтотуп, башка багытты тандоону туура көрдүм. Алгач аарычылыктын сырын үйрөндүм. Аары кармаган Өзгөндөгү мыкты устатка жолугуп, ошонун арты менен жыл сайын аары кармап келем. Учурда 250 аары челек бар. Анда Украинадан алынган карпат породасындагы аарылар багылат. 250 аары челектен жылына 3-4 тонна бал алам. Аны жубайым Орусияга дүң баада өткөрүп келет», - деди ал.

Орлов тукумундагы жылкылардын көлөмү чоң, ылдамдыгы жогору болот, деп кошумчалады.

«Мен Орусиянын Новосибирск облусундагы жылкы завод менен келишим түзүп, 3 жыл мурун 3 кунан, тайларды алып келгем. Өткөн жылы 14 баш бээ алып келдим. Ошол 14 бээнин ичинде келген кулундар дагы бар. Быйыл Мигрант жана Бойка деген асыл тукум аттарды эки үйүргө коштум. Ар бир үйүргө 11 бээ койгом. Мигрантка орусиялык бээлерди, ал эми Бойкага жергиликтүү бээлерди кошуп, быйыл кулун алдым. Эми кайсыл күлүк күчтүү чыгат деп чыдамсыздык менен күтүп турган убагым. Эгер, аргындашкан жылкылар күчтүү чыкса ошол багытты тандап, кыргыз жылкылары менен аргындаштырам», - деди фермер.

Асыл тукум жылкылар сарайда гана багылат. Алар жыл бою кургатылган чөп менен азыктанышат.

«Мен мал сарайды дагы Новосибирск облусундагы заводдон көрүп келгендей кылып салдым. Кышкысын жылуу, жайкысын салкын болот. Учурда дагы кулундар үчүн 12 атка ыңгайлаштырып сарай салдырып жатам. Жем, суусу ичинде болот. Аттарды жыл бою кургак чөптө кармап, кечкисин бир маал жем берем. Бул аттардын ылдамдыгы жогору болуп, улак тартышта өзүнүн күлүк экендигин көрсөтө алышат. Учурда кулундарын алууга эле кезекке тургандар көп. Бирок азыр көбөйтүү үчүн сатыкка чыгарбай жатам», - деди фермер.

Орусиядан алынып келген жылкыларга ээлери таттууларды берип көндүрүп койгондуктан, келген адамдардан конфет күтүп турушат.

«Орусияда таттуу берип көндүрүп коюшуптур. Адамга аябай жакын, ким болбосун эркелеп турушат. Сылаганды абдан жакшы көрүшөт. Учурда ар бир жылкынын паспорту бар. Квартал сайын ылаңдарга каршы эмдетип турам», - деди Шайырбек мырза.

Анын айтымында, үйүрдөгү айгыр күчтүү болсо жылкычынын түйшүгү жеңилдейт.

«Мен коңшу айылдан да бээ алган элем. Үйүргө кошгондон кийин кача берди. Бирок үйүрдөгү айгыр жетип барып тиштеп, канжалатып алып келгенден кийин ошол бээ качпай калды.

Коңшу айылдардан алган бээлер кулун бергенге чейин туулган жерине кача берет экен. Эгер айгыр күчтүү болсо бээлерди эч жакка кетирбейт», - дейт фермер.

Шайырбек мырзанын 3 кыз, 2 уулу бар. Учурда балдары анын эң чоң жардымчысы болуп калышты. Учурда мал чарбачылыктан тышкары айылдык кеңештин депутаты болуп да эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×