Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 15.05.2018 10:02

Кара-Суунун Тээке айылында 120 орундуу жаңы мектеп ачылды (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Тээке айылында кечээ, 14-майда Бегай Лапин кызы атындагы орто мектептин ачылыш аземи өттү.

Райондук администрациядан билдиришкендей, мектептин ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, аким Тилек Матраимов, мурунку экономика министри Арзыбек Кожошев катышып, кызыл тасма кесишти.

120 орунга ылайыкталган мектеп спорт залы менен биригип жалпы 39 млн 400 миң сомго бүткөрүлгөн. Учурда Тээке айылындагы мектепте 166 окуучу билим алып, 21 мугалим эмгектенет.

Буга чейин мектеп пайдаланууга берилгени менен салтанаттуу ачылышы боло элек болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×