Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 15.05.2018 10:36

Шоро-Башат айылындагы бала бакчага күндүн нурунан энергия алуучу жабдык орнотулду (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Шоро-Башат айылындагы «Аруу сезим» бала бакчасына күндүн нурунан энергия алуучу батереялар орнотулду. Бул тууралуу аталган бала бакчанын директору Зырапа Алибекова билдирди.

Анын айтымында, жабдуунун негизинде бала бакча ысык суу менен камсыздалат.

«Бала бакчанын имараты 1970-жылы курулган. Ал 2013-жылга чейин мектептин курамында болгон. Аталган бала бакча 5 жылдан бери өз алдынча иштеп жатат. Учурда ал жерде 115 бала тарбияланууда. Россия мамлекетинин каржылоосу менен имараттын ичинен суу чыгартканбыз. Ал эми ысык сууну күндүн нурунан алып жатабыз. Буга чейин электр энергиясына ай сайын 4 миң сом төлөсөк, учурда 1800-2000 сом төлөп жатабыз», - деди З.Алибекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×