Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Кара-Сууда 16 жаштагы өспүрүмдү жүк ташуучу кичи автобус сүзүп кетти (видео)

Turmush -  Кара-Суу районунун Медресе айылында кичи автобус жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Кырсык кечээ, 14-майда саат 18:00 чамасында болгонун ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Ош—Эркечтам унаа жолунун 5-чакырымында «Мерседес Бенц 308» үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичи автобус 2002-жылы туулган өспүрүмдү сүзүп кеткен. Кичи автобусту Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган тургуну Ж.А. башкарып бара жаткан. Жол кырсыктын кесепетинен өспүрүм денесинен жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жаткырылган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Жол кырсыктын видеосу аталган аймакка орнотулган көзөмөл камерасына түшүп калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 804
×