Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 16.05.2018 09:30 Жаңыланды: 16.05.2018 10:17

Фуркат айылында турак үй, дүкөн жана чайкана өрттөндү (видео, фото)

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Суу районунда турак үй, дүкөн жана чайкана өрттөндү. Өрт тууралуу кечээ, 15-май саат 21:00 чамасында маалымдалган, деп билдирди Кара-Суу райондук өрт өчүрүү кызматы. Адамдар жаракат алган жок.

Алгач Шарк айыл аймагына караштуу Фуркат айылындагы Ынтымак көчөсүндө жайгашкан турак үй күйүп жаткандыгы кабарланып, №13 бөлүмдөн өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлгөн. Андан көп узабай турак үй жана дүкөн күйүп жатканы белгилүү болуп, кошумча күчтөр тартылды. Өрт саат 23:58 чамасында толугу менен өчүрүлүп, жалпысынан 6 техника пайдаланылган.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 6 бөлмөсү, чатыры, соода дүкөндүн 40 чарчы метр күйүп кетти. Бул турак үй менен дүкөн бир адамга таандык болуп, мамлекеттик камсыздандыруудан өткөн эмес. Ал эми «Кызыл-Суу» чайканасынын чатыры күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×