Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Азия чемпионатынан алтын менен кайткан Кубанычбек Айбек уулун Ошто салтанаттуу тосуп алышты (фото)

Turmush -  Ливандын борбору Бейрут шаарында өткөн дзюдо боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон Кубанычбек Айбек уулун Ош шаарындагы аэропорттон салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Ага Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, спортчунун туугандары жана достору катышты, деп билдирди кабарчы.

Бул чемпионатта 18 жаштагы Кубанычбек 20дан ашуун мамлекеттин спортчуларынын арасынан суурулуп чыга алды.

«Мен дзюдо менен 3-классымдан бери машыгып келем. 12-13-май күндөрү Бейрут шаарында өткөн Азия чемпионатына 55 кг салмакта катышып келдим. Атаандаштарым дагы күчтүү даярдыкта болушту.

Алгач Иорданиянын, Өзбекстандын, Казакстандын спортчуларын жеңип, финалда Индиянын спортчусун утуп чыктым», - деди Кубанычбек.

Чемпиондун ар бир ийгилигине атасы Айбек Жороев өзгөчө кубанат.

«Балам буга чейин да бир топ жеңиштерге жетишкен. Азия чемпионатында да биринчиликти алганын угуп, аябай кубандым. Бул менин тун уулум. Буйруса иниси да спортчу болот», - деди А.Жороев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1086
×