Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАраван району 17.05.2018 13:25

Маданият айылындагы үйлөрдү каптаган селдин кесепеттери (фото, видео)

Turmush -  Нөшөрлөп жааган жандан кийин сел каптаган Араван районунун Маданият айылынын элинен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Араван районунун акими Курманбек Айтибаев бүгүн, 17-майда кабар алышты. Бийлик өкүлдөрү короосунан бери суу каптаган үйлөргө барышкан.

Анда сел түшчү колотторду ачып, арыктарды суу кетчүдөй кылып тазалоо, кооптуу турак үйлөргө мониторинг жүргүзүп, жылдыруу же калтыруу боюнча сунуш берүү тапшырылды. Ошондой эле жабыр тарткан үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү, суу каптаган турак жайларды тазалоого жардам көрсөтүү иштери жергиликтүү бийликке милдеттендирилди.

Маданият айылында кечээ, 16-майда саат 11:30 чамасында жаандын кесепетинен тоодон сел суулары агып түшкөн. Анын кесепетинен айылдагы 20 турак үйдүн, мектептин жана бала бакчанын короолорун суу каптаган. Адамдар жабыркаган жок.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×