Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Ленин чокусуна баруучу жолго көпүрө куруп жатышат

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү Ленин чокусуна жана ошол аймактагы жайыттарга баруучулар үчүн көпүрө курулуп жатат. Буга чейин көпүрөнүн жоктугунан жергиликтүүлөр жайытка жете албай кыйналып келген.

Айыл өкмөттүн башчысы Салайдин Бакировдун айтымында, көп жылдардан бери жергиликтүү тургундар көпүрөгө муктаж эле.

«Жергиликтүү тургундар мага чейинки жетекчилерге көпүрө куруу үчүн кайрылып, бирок ишке ашпай келген. Быйыл бул долбоор АРИС тарабынан каржыланып, узундугу 36 метр, туурасы 3,5 метр болгон көпүрө курулуп жатат. Анын жалпы суммасы 6 млн 500 сомду түзөт. Көпүрөнү июнда куруп бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалып жатат. Бул көпүрөнүн курулушу менен сырттан келген чет өлкөлүк конокторго да ыңгайлуу шарттар жаралат. Жергиликтүү тургундар дагы жайыт жерлерине кыйналбай өтүшөт», - деди С.Бакиров.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 728
Көп окулду
×