Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Айыл турмушу: Ноокаттык кол өнөрчү апалар биригип, өнөрүн кыз-келиндерге үйрөтүшөт (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Бел айылынын 65 жаштагы тургуну Жамила Таштемирова тигүүчү апаларды бириктирип, жаш кыз-келиндерге өнөр үйрөтүү менен алек. Ал 2000-жылдан тарта 6 тигүүчү аялдан турган топ түзгөн. Андан бери 80ден ашуун жаш-кыз келиндерге өз өнөрлөрүн үйрөтүштү.

«Мен килем токуганды жана тигүүчүлүктү 16 жашымда үйрөнгөм. Ал убакта биздин айылдагы чоң энелерибиз биригип, ар бир үйдө килем токуп, кыздын себин бири-бирине жардам берүү менен даярдап келишкен. Мен да аларга аралашып жүрүп ушул өнөрдү үйрөнгөм. Кийинчерээк мындай жөрөлгөлөр жоюлуп, килем токуган жана тигүүчүлүк менен алектенгендер аз кездешип калды. 2000-жылдан тарта чоң энелердин кол өнөрчүлүк салтын улоо максатында 6 аялдан турган топ түздүм. Биздин топтогу аялдардын үчөө пенсия курактагы, үчөө 50-60 жаш курактагы аялдар. Биз килем, таар токуп, кыздын себин даярдап беребиз. Азыр буйрутма менен гана иштеп жатабыз.

Табигый килемдер базарларда аз болгондуктан эл көп буйрутма беришет. Ошондой эле кыздардын себи базардагы баага караганда арзан болгондуктан, бизге буйрутма бергендер көп. Азыр жайнамаздан тарта, бардык буюмдарды жасап калдык. Буга чейин долбоор аркылуу 80 аялга килем, таар токуганды үйрөтүп, келиндерди сеп даярдоо боюнча окуттук. Бул биздин айылдагы кыз-келиндерге жардамыбыз болду.

Килем койдун жүнүнөн 15 күндө токулуп бүтөт. Бир килемге 21 кг жүн керектелип, базарда 1 кг 300 сомдон сатылып жатат. Ал эми килем, таарлар көлөмүнө карап баасы бычылат. Биз токуган табигый килемдер 50 жылдап сапатын жоготпойт деп ишенебиз.

Сатылган буюмдардын акчасын чогултуп, айлык акы катары бөлүп алабыз. Андан сырткары чогулган каражаттын бир бөлүгү керектүү каражаттарды сатып алууга керектелет. Биз уюмдар менен да иштешип, алардын колдоосу менен кыз-келиндерге акысыз окутуу жүргүзөбүз», - деди Жамила Таштемирова.

Иштүү аялдардын башын бириктирген Жамила апанын 2 кыз, 2 уулу бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1740
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×