Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 22.05.2018 00:58

38 жыл мугалим болуп, 18 аялды иш менен камсыздаган Ашымкан апа 7 баланы өстүрүп, бирок наам ала элек (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылынын 71 жаштагы тургуну Ашымкан Кадырбекова пенсияга чыккандан кийин кол өнөрчүлүк менен алектенип, 18 аялды иш менен камсыздап келет. Ал Канаданын долбоору аркылуу атайын жип ийрий турган аппараттарды да сатып алган.

Мээнеткеч айым 38 жыл билим берүү тармагында эмгектенип, пенсияга чыккан. Бирок 7 баланы өстүргөнүнө карабай ушул күнгө чейин «Баатыр эне» наамы бериле элек. Бул тууралуу ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Ашымкан апанын кол өнөрчүлүк менен алектенип калышына кызынын жоголуп кетүүсү себепкер болгон.

«Мен 1997-жылы пенсияга чыктым. Ага чейин 5 жыл Өзгөн районундагы мектепте, 33 жыл Кара-Кулжадагы Ж.Акматалиев атындагы орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштедим. Пенсияга чыккандан кийин бир кызым Ош шаарында соода кылып жүрүп жоголуп кетти. Бул мага оор сокку болуп, кызымды издебеген жерим калган жок. 21 жылдан бери кызымдын кайсы жакта экенин билбейм. Кызымдан калган 3 уулу чоңоюп, үй-бүлө күтүштү.

Ошол кыйын учурда өзүмдү алаксытуу үчүн кол өнөрчүлүк менен алектене баштадым. Айылдагы эски имаратты алып, Канадага жазган долбоорум да колдоо тапты. Анын натыйжасында жүн ийрий турган станокторду сатып алып, иш баштагам. Биз жүндөн килем согобуз. Учурда айылдагы 18 кыз-келиндин башын бириктирип, "Доор айым" кооперативи болуп иштеп жатабыз. Андагы кыздарым атайын курстарда билим алышты.

2003-жылдан тартып айылдагы кыз-келиндер менен унааларга жабдууларды жасап, кичинекей килемчелерди даярдап келебиз. Бир килемчени бүтүрүүгө 18 күн талап кылынат. Алгач жүндү тазалап, жууп, аны ийрип, андан соң килем согулуп баштайт. Учурда унаалардын жабдуулары 1,5 миң сомдон, ал эми чакан килемчелер 6 миң сомдон сатылат.

Мен 5 долбоор жазып, айылыбыздагы ФАПтарды, бала бакчаларды оңдотууга салым коштум. Өзүм да "Шайыр апалар" тобу менен ырдап, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүп, өлкөбүздүн баардык аймактарын кыдырып чыккам», - деди А.Кадырбекова.

Ал эми аялзаты балдарды төрөп, аларды чоңойтуудагы милдети чоң экенин белгиледи.

«Мен 3 уул, 4 кыздын апасымын. Бала багуу чоң жоопкерчилик. Мен ар бир баламдын төрөлгөнүнө кубанып, убакыттын өтүшү менен алардын мектепке барганын, окуу жайды аяктаганын көрүп бактылуу болдум. Бирок баланы тарбиялоодо кубанычынан кыйынчылыгы көп болот. Ата-эне ар бир балага өзүнчө мамиле кылып, кыял-жоругун көтөрүшү керек.

Буга чейин да "Баатыр эне" наамын алуу үчүн документ толтургам. Өткөн жылы да кайра толтурдум», - деген Ашымкан апа быйыл наам алам деп күтүп жатканын кошумчалады.

Учурда анын 22 небереси жана 2 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×