Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАлай району 21.05.2018 17:36

Бүлөлүдө 17 чакырым жолдогу чуңкурлар ашар менен оңдолду

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүндөгү айылдарды аралап өткөн 17 чакырым узундуктагы негизги жолдогу чуңкурлар бүтөлдү. Бул демилгени жергиликтүүлөр көтөрүп, ашар жолу менен ишке ашырышты, деп билдирди Чоң-Бүлөлү айылынын башчысы Дастан Балтабаев.

Анын айтымында, 20-май күнү айылдаштар чогулуп, топ-топ болуп чуңкурларга шагыл төгүшкөн.

«Айылыбыздын жолдорун оңдоо үчүн атайын демилге көтөрүп, 60дан ашуун айылдаштар жолду оңдодук. Буга чейин жолубузда чуңкурлар көбөйүп, унаалар өтүүдө кыйынчылыктар жаралып келген», - деди Д.Балтабаев.

Бүлөлүдө 17 чакырым жолдогу чуңкурлар ашар жолу менен оңдолду

Бүлөлүдө 17 чакырым жолдогу чуңкурлар ашар жолу менен оңдолду (1)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×