Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуНоокат району 05.06.2018 19:10

Айыл турмушу: Шыптарды кооздоп, заманбап очокторду жасаган уста (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн тургуну Замирбек Каримов 10 жылдан бери устачылык кылып, кыргыз колоритиндеги оймо шыптарды жана очоктордун түрлөрүн жасап келет. Ата кесибин аркалаган мырза айылдагы таанымал усталардын бири болду. Анын эмгектери менен аймактык кабарчы таанышып келди.

«Мен устачылыкты баштаганыма 10 жылдын жүзү болду. Кандай жумуш болсо да жасай берем. 7-8 жылдан бери очок жасаганды өздөштүрүп, учурда атайын тойканаларга, жер үйлөргө ыңгайлуу очокторду жасап жатам.

Устачылык биздин ата кесибибиз. Усталардын үй-бүлөсүбүз десек да болот. Менин уста болуп калуума дагы агаларым түрткү болгон. Азыр үйлөрдүн шыптарын дагы кыргыз оймолору менен жасайм», - деди ал.

Устанын жолун жолдоп, шакирт болууну каалагандар дагы көп.

«Менден устачылыкты үйрөнгөн балдар көп. Азыр шакирттерим менен атайын топ болуп, элге кызмат кылып жатабыз. Очоктордун бир көзүн 3 миң сомго жасап беребиз. Негизинен айылдаштарыбыз көп чакырат. Эгерде чакыруулар болуп калса Ошко чейин желе барып, тойканалардын да очокторун жасап турабыз», - деди З.Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×