Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кабык айылына 14 чакырым алыстагы булактан суу жеткиришти

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кабык айылына 14 чакырым алыстагы булактан суу тартылып келди.

Айыл өкмөттүн башчысы Салайдин Бакировдун айтымында, таза суу долбоору демөөрчүлөрдүн демилгеси менен ишке ашкан.

«Айылда таза суу жоктугунан Бел-Өтөк жер тилкесиндеги булактан таза суу тартылып келди. Учурда айылдын башына гана алып келдик. Ушул жылдын аягына чейин айылдагы ар бир көчөнүн башынан суу чыгарууну пландап жатабыз», - деди С.Бакиров.

Кабык айылынын башчысы Кудаяр Кожоакматовдун айтымында, айылда жашаган калктын саны миңге жакын.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 558
Көп окулду
×