Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Ленин айыл өкмөтүндөгү 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөр мечиттерди оңдоп, чайкана, даараткана курушту (фото)

Turmush -  Алай районунун Ленин айыл өкмөтүндөгү мектепти 20 жыл, 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр айылдагы мектепке, бала бакчага видеокамера орнотуп, 4 мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Нурлан Матанов билдирди.

Анын айтымында, Мурдаш айылындагы А.Жээнбеков орто мектебине быйыл 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр барышат.

«Айыл өкмөттөгү 3 айылдын мектептерине 20 жыл мурун бүткөн бүтүрүүчүлөр келишет. Мурдаш айылындагы А.Жээнбеков орто мектебине 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 120 миң сомго 16 видеокамера коюп беришти. Ошондой эле «Жоогазын» бала бакчасына да видеокамера орнотулуп, ички жасалгаларына жардам көрсөтүштү. Ал эми ушул эле мектептин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү 160 миң сомго айылдагы 3 мечитти оңдоодон өткөрүшкөн», - деди Н.Матанов.

Ал эми Күң-Элек айылындагы С.Карыев орто мектебин 20 жыл мурун бүткөн бүтүрүүчүлөр 400 миң сомго айылдагы негизги мечитке чайкана, даараткана курушкан. Согонду айылындагы С.Жаанбаев орто мектебинин 20 жылдыктары мектепке эмерек белек кылып, айылдагы мечиттин эшик-терезелерин жаңылаганын Нурлан Матанов кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1047
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×