Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Айыл турмушу: 9-класста устачылыкты баштаган Арабидин корозун тойгузам деп ата-энесинен уруш уккан

Turmush -  Акыркы акчасына короздоруна жем алып, ата-энесинен уруш уккан 15 жаштагы Арабидин 9-класстагы курагынан баштап устачылыкты кесип кылды. Ал короз багып, аларды урушка салуу менен да алектенчү.

Кара-Суудагы Мады айыл айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылынын жашоочусу менен аймактык кабарчы таанышты.

«12 жашымдан баштап короздордун түрүн кызыгуу менен багып жүргөм. Таякем кызыгуумду билип, 10 миң сомго алган корозун белекке берди. Улуу агам ал корозумду урушка алып кетип, акча утуп келчү. Ага мен да кызыга баштадым. Корозумду күнүнө үч маал сууга бышкан жумуртка, эки маал сууга бышкан эт, жем берип карадым», - дейт Арабидин.

Учурда төрт корозду урушка салбай карап жаткан Арабидин жеңилип калган соң көнүлү калганын айтат.

«Урушка жөжө корозумду алып барсам каршылашым мени алдап, чоң короздун жүндөрүн кыркып коюптур. Ошондо чоң суммага утулуп калып, көңүлүм катуу калыптыр. Апам да корозумду кармасам эле кыйкырып, урушуп калат. "Башка өнөрдү үйрөнсөң" дегенинен темир устага шакирт болгом. Бирок көңүлүм короздордо. Аларды азыр жөн гана багып жатам», - деди Арабидин.

Уулу акыркы акчасына короз алганын айткан апасы да сөзгө аралашты.

«Жаз айларында бут кийимим жыртылып калды дегенинен акча берсем, суу болуп, корозду колтугуна кысып кирип келиптир. Аябай ачууланып, артыңа кайрып тапшырып кел десем ыйлайт. Айла жок, биз да корозуна кызыгып карашып калдык», - деди апасы.

Учурда короздорун күндүз агасы көзөмөлдөсө, кечинде жумуштан келгенде өзү карайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1038
Көп окулду
×