Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 24.05.2018 10:01

Кара-Кулжада катуу шамалдан 5 жашар кызды талдын шагы басып калды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу шамалдын кесепетинен 5 жашар кызды талдын шагы басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыз ооруканага жеткирилген, учурда абалы жакшы.

«Кара-Кулжа районундагы Карагус айыл аймагында кечээ, 23-май күнү саат 19:50 чамасында катуу шамал катталып, шамалдын кесепетинен Жаңы-Талаа айылында 15 турак үйдүн 72 даана шиферин, 13 сарайдын 221 даана шиферин учурган. Андан сырткары 5 жаштагы А. кызы Ы. талдын шагы басып, райондук ооруканага жеткирилген, абалы жакшы», - деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы окуя болгон жерде маалыматты тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×