Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 24.05.2018 14:22

Оштогу көп кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти (фото)

Turmush -  Кечээ, 23-майда Ош шаарындагы шамал Манас-Ата кичи районунун С.Касымбеков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн чатырын учурду. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Нурбек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, окуя болгон жерге барган кызматкерлер тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Көп кабаттуу үйдүн темирден жасалган 4,5 чарчы метр чатыры токтоп турган унаанын үстүнө түшкөн. Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×