Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 24.05.2018 17:42

Ошто спортчулардын уюлдук телефонун уурдап жүргөн шектүү кармалды

Turmush -  Ош шаарындагы «Айкөл Манас» спорт клубунда машыккан спортчулардын уюлдук телефондорун уурдап жүргөн шектүү камакка алынды. Ал Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан кармалганын ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, кармалган адамдын баш коргоо чарасы эртең, 25-майда каралат.

«Шектүү уурдап алган 5 уюлдук телефондун үчөө ээлерине кайтарылды. 1998-жылы туулган шектүү Өзгөн районунун тургуну. Ал аталган спорт залда туруктуу машыккан эмес. Учурда териштирүү иштери улантылууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×