Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Алайда сел алган 3 айылды бириктирген көпүрөнү жылдырып жатышат (фото)

Turmush -  Алай районунун Будалык айыл өкмөтүндөгү катуу жаандын кесепетинен жараксыз абалга келген көпүрө жылдырылып жатат. Учурда суу түтүктөрү алынып, 200 метр тереңдикке орнотуу иштери жүрүп жатканын айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жыпара Осмонова билдирди.

Анын айтымында, аталган көпүрөнү 21-майда катуу жааган жаан жараксыз абалга келтирген.

«Биздин айыл борпоң топурактуу жана таш аз болгондуктан жыл сайын көпүрөнү суу алып кетет. Быйыл суу түтүктөрүн 200 метр тереңдикке жылдырып жатабыз. 23-майда жол тейлөө ишканасынан адистер келип, суу түтүктөрүн чыгарып алышкан. Бүгүн аларды орнотуу үчүн орун даярдап жатышат»,- деди Ж.Осмонова.

Аталган көпүрө Кайнама, Октябрь жана Кара-Суу айылдарын бириктирет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1152
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×