Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

3,5 гектар жерге үй куруп алган: Аравандын кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жетекчиси кызматынан бошотулду

Turmush -  Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы ээлеген кызматынан четтетилди.

Аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси Раимбердиев Кеңешбек Абдибаитович Мамлекеттик каттоо кызматынын 2018-жылдын 21-майындагы буйругунун негизинде кылмыш иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Мындай чечимге УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн токтому негиз болгон.

Ал эми К.Раимбердиев кызматтан саясий кызыкчылыктан улам четтетилгенин билдирди.

«Кызматымдан убактылуу четтетилдим. Аталган жерде союз учурунда мал короолор болгон. Аны 1990-жылдан тарта ижарага алып, иштетип келгем. 1997-жылы мыйзамдын негизинде аталган жерди сатып алгам. Бул жерде саясий кызыкчылыктар болуп жатат. Мен эч кандай мыйзамды бузган эмесмин. Эми бул жагдайды сот чечет»,- деди К.Раимбердиев.

Буга чейин Turmush басылмасы Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевге шилтеме берүү менен Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы Төбө-Коргон айыл аймагынан 3,5 гектар кайрак жерди өзүнө каттатып алууга шектелип жатканын маалымдаган.

«Ал кайрак жерди өзүнө каттатып, үй салып алган. Бул боюнча Коррупцияга каршы кызмат кылмыш иш козгоп, соттук териштирүү жүрүүдө. Аталган жер тилкеге курулган үйдө эч ким жашабайт», - деген аким.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 907
Көп окулду
×