Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Айыл турмушу: Бөдөнөлөрдү жасалма жол менен көбөйткөн М.Ункулов алардын ар биринен жылына 300 жумуртка алат (видео)

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну Маматмуса Ункулов бөдөнөлөрдү жасалма жол менен көбөйтүп жатат. Ал учурда канаттуулардын башка түрлөрүн өстүрүүнү пландап жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Айыл шартында бөдөнөлөрдү жасалма жол менен өстүрүүнүн ыкмасын тапкан тургун интернеттин жардамы аркылуу тилегин орундатканын айтты.

«Канаттууларды өстүрүү эзелки тилегим болчу. Көңүлгө төп келген ишти жасоо адамга ырахат тартуулайт. Өзүңдүн сүйгөн ишиң менен алектенүү кандай сонун. Технология өнүккөн заманда интернеттин жардамы менен бөдөнөнү багуунун, кароонун, чоңойтуунун жолун үйрөндүм. Бөдөнө бакканыма эки жыл болду. Аларды 8 жолу жасалма жол менен көбөйттүм. Учурда жасалма жол менен өндүрүлгөн бөдөнөлөр атайын жайда багылып жатат. Алгач досумдан 50 бөдөнө алып, анын жумурткаларын жасалма жол менен өндүргөм», - деди ал.

М.Ункулов жыгачтан төрт бурчтуу жай жасап, анын алдына айнек кадаган. Ал даяр болгон жайга жасалма жол менен чыгарылган бөдөнөлөрдүн балапандарын киргизет.

«Бөдөнөлөрдү бага турган жайдын жасалышын да интернеттен көрдүм. Интернетте алар атайын материалдар менен ширетилип жасалган. Бирок менде андай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан жыгач, тор, айнектен кураштырып жасап, бөдөнөлөрдү багып жатам. Даярдалган жайды дагы төрткө бөлүп, биринчи бөлүгүнө жайында чыккан балапандар, экинчисине андан чоңураактары сакталат. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө жумуртка берүүгө жарап калгандар, төртүнчүдө оорулуу бөдөнөлөр багылат. Аларды багууга көп деле убакыт кетпейт. Убагында жем-суусу берилсе, жумурткалай берет», - деди ал.

Учурда М.Ункуловдун чарбасындагы бөдөнөлөрдүн саны 500гө жетти. Анын ичинен 100гө жакын бөдөнө жумуртка берүүгө жарайт.

«Бүгүнкү күндө жалпы 500 бөдөнөм бар. Алардын 100ү жумуртка берүүгө жараса, калганы жаш болуп саналат. 100 бөдөнөнүн ичинен 20сы эркек бөдөнөлөр. Бир бөдөнө жылына 250-300 жумуртка тууса, 100 бөдөнө күнүнө 50 жумуртка берет. Буга чейин бөдөнөлөрдү буйрутма кылгандарга сатууга жетиштим. Бөдөнөлөрдөн түшкөн пайда үй-бүлөмдү багууга кенен жетет», - деди М.Ункулов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2131
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×