Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 28.05.2018 15:22 На русском

Терроризмге айыпталган Аравандагы мурунку имам күнөөсүз соттолду, - тарапташтары (видео)

Turmush -  Бүгүн, 28-майда АКИпресс-Ошто терроризмге шектелип камакка алынган аравандык мурдагы имамды коргоп дин кызматкерлери, тургундар жана Араван РИИБдин башчысынын мурдагы орун басары Алирашид Токушов маалымат жыйын өткөрүштү. Алар имамдын күнөөсүз камакка алынганын айтууда.

Мурдагы имам 2018-жылдын 2-февралынан бери камакта жатат. Ага 4-май күнү Араван райондук соту тарабынан өкүм чыгарылып, 3 жылга жатак абакка кесилген. Бирок Араван районунун башкы имамы Умарали Муратов мурдагы имам күнөөсү жок камакка алынган деген пикирде.

«Жалган жалаа менен камалып, соттун өкүмү чыгып калды. Ал эч кимди Сирияга үгүттөгөн эмес. Анын Сирияга үгүттөнү жомок. Соттор, бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү адамдардан адилеттүү чечим чыгарып беришин суранабыз», - дейт ал.

Ал эми Араван РИИБдин башчысынын мурдагы орун басары Алирашид Токушов камакка алынган имам менен чогуу терроризм жана экстремизмге каршы ошол убакта иштешкенин айтат.

«Ал (айыпталуучу) бир мезгилде Араван районунун имам хатиби болуп иштеген. Улуттар биримдигине, терроризмге каршы, диний агамдарга бөгөт коюу боюнча катуу иштегенбиз. Ал убакта Сирияга азгыруу күч алган эле. Органдар менен бирге иштешкен эле. Арыз жазган адамды биринчи текшерип, андан кийин имамга иш козгош керек эле. Иш азыр сотто. Соттор туура чечим чыгарышы керек», - деди пенсиядагы подполковник.

Буга чейин Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Араван райондук сотунун өкүмү менен соттолуучу С.С. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылганы кабарланган. Мурда коюлган айыптар толук дадилденбегени да айтылган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×