Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 29.05.2018 10:35

Оштун борбордук базарындагы 4 контейнер ичиндеги товарлар менен өрттөндү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-майда эртең менен Ош шаарынын борбордук базарында өрт чыкты. ШИИБдин билдирүүсү боюнча, өрт саат 07:50 чамасында контейнердин биринен чыгып, башка контейнерлерге тутанган.

Өрттүн кесепетинен жалпы 4 контейнер ичиндеги товарлар менен кошо күйүп кетти. Учурда өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт электр чубалгыларынын туура эмес туташканынан чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×