Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Өзгөндөгү мектептин соттолгон директору соттордун чечимине нааразы (видео)

Turmush -  Өзгөн районунун Чангет айылындагы И.Жумабаев мектебинде 20 жылга жакын убакыт директор болгон Базаралы Каратаев АКИпресс-Ошто маалымат жыйын куруп, акыйкатсыз соттолгонун айтып, президентке кайрылуу жолдоду.

Анын айтымында, ал мектептин керек-жарагы үчүн айыл өкмөттөн мыйзамдуу түрдө 8 миң сом акча алып, бирок 140 миң сомдон ашык акча алды деп айып коюлуп жатканына нааразы.

«2015-жылдан бери акыйкатсыз соттолуп келе жатам. Мектепте директор болуп турган мезгилде мектепке керектелүүчү каражаттар үчүн айыл өкмөттөн 18 миң сом сурап кайрылгам. Бирок эсепчи 8 миң сом акча бар экенин айтып, аталган сумманы берген. Андан кийин мени мамлекетке 140 миң сомдон ашык зыян алып келди деп куугунтуктап, акыйкатсыз соттоп жиберишти. Мамлекеттен акчаны бөлүп алууга эч кандай укугум жок. Аткаруучу кызматта иштесем анча көп акчаны кантип алам? 8 миң сомду кайсыл жумуштарга иштеткендигим боюнча толук документтер бар. Сотто да бардыгын далилдеп бергем. Бардык далилдер турганына карабастан соттор акыйкатсыз чечим чыгарып, мамлекетке 400 миң сом акча төлөөнү дагы милдеттендирген. Бирок мен эч кандай мүлкүм жок экенин айтканда 6 жылга үй камагына кесип, үйүмдү камакка алып койгон. Учурда эч жерге ишке албай же чет өлкөгө чыга албай, акыйкаттык издеп жүрөм», - дейт Б.Каратев.

Б.Каратевдин устатымын деген пенсиядагы мугалим Муратали Алиев акыйкатсыз куугунтук болгонун белгиледи. «Бул ишти аягына чыгара турган киши барбы? Күнөөсүз эле адамды куугунтуктап жатышат. 8 миң сом акча үчүн 400 миң сом айып салып, үйүн камакка алуу — бул акыйкатсыздык. Эл үчүн кызмат кылган адамдар куугунтукталбашы керек», - деди М.Алиев.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөн райондук сотунун 2015-жылдын 13-майындагы чечими менен Чангет айыл өкмөтүнүн мурунку кассири, башкы эсепчиси жана И.Жумабаев орто мектебинин директору Б.Каратев күнөөлүү деп табылып, ар бири 6 жылга эркинен ажыратылган. Сот жазаны шарттуу деп эсептеп, ар бирине 2 жыл сыноо мөөнөтүн белгилөө токтомун чыгарган.

Аталган өкүм соттолуучулар тараптан даттанылган. Ош облустук сотунун соттор коллегиясы 2016-жылдын 4-мартында райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ушундай эле чечимди 2016-жылдын 4-октябрында Жогорку сот да кабыл алган. Аталган жарандар Кылмыш-жаза кодексиндеги 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) жана 315-берене (кызматтык жасалмачылык) боюнча айыпталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1111
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×