Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Ошто Өзбекстандын жарандарына жасалма паспорт бергендердин иши иликтенүүдө

Turmush -  Алай районунун айылдык паспорт-виза каттоо бөлүмчөсүнүн биринин башкы адиси К.А. жасалма документ берүүгө шектелип, иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, ал 2011-жылдын февраль айында расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип Өзбекстандын 1982-жылы туулган жараны Ш.М.га (аял киши) Ош облусунун Алай районунун тургуну, улуту кыргыз деп фамилиясын М.М. деп өзгөртүп 2011-жылдын 17-февраль күнү Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун жасап берген.

Ушундай эле кылмышка Ош шаардык паспорт-виза каттоо бөлүмчөсүнүн кызматкери С.К. шектелүүдө. Ал дагы өзбекстандык жаранга паспорттогу улутун, аты-жөнүн өзгөртүп документ берген. Учурда аталган факты Ош ОИИБ тарабынан кылмыш иш козголуп тергөө амалдары аткарылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 827
Көп окулду
×