Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуНоокат району 30.05.2018 18:06 Жаңыланды: 30.05.2018 18:44 На русском

Фото - Алгачкы премьер-министр Насирдин Исанов өз колу менен курган үй

Turmush -  Коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын алгачкы премьер-министри Насирдин Исановдун өз колу менен курган үйү өзү чоңойгон Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында сакталуу бойдон турат. Учурда Н.Исанов курган үйдө анын эң кичүү иниси Абдрашит Исанов жашайт.

Абдрашит Исановдун айтымында, агасы Н.Исанов мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеп турган мезгилде, өзү курган үйгө көп жолу келчү.

«Агам абдан карапайым, кичи пейил, кең пейил, бирөөгө жаман ойлобогон адам эле. Билесиңер, СССР мезгилинде мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген катардагы адамдардын бедели жогору болуп, элдин урмат-сыйы абдан күч эле. Агам төбөсү көрүнүп, жооптуу кызматтарда иштесе да, кичи пейилдигинен жазбады. Ал ошол учурда эле өзү курган үйгө келип, тууган-уругу менен амандашып, мен жумуш аткарып жатсам кармаша коюп, көмүр түшүрүп жатсам көмүр түшүрүшө коюп, ылай кылып жатсам да жардамдаша койчу», - деди ал.

А.Исанов жашап жаткан үйдүн курулушун Н.Исанов өз колу менен 1967-жылы аяктаган.

«Агам өзү куруучу болчу. Бир жагынан уста болсо, кээде комуз чапкан күндөрү да болгон. Эсимде, 1967-жылы агам Ошто мастер болуп иштечү. Ошол жылы айылга келип, азыр мен жашап жаткан үйдү өз колу менен пайдубалынан баштап курган. Үйдүн кыштарын да өзү кынап, чатырын да өзү жаап, пол, айнектерин да өзү жасаган. Биз жөн гана жардам берчүбүз. Үйдүн курулушу бүткөндөн кийин мурунку жашаган үйүбүздөн агам жашаган үйгө көчүп келгенбиз», - деди А.Исанов.

Насирдин Исанов (1943-1992)
Насирдин Исанов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×