Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Ош

Подполковниктин өлүмү: Маркум Т.Уларовдун жакындары Н.Ражапованын «бөтөлкө менен зордукташты» дегенин жоопкерчиликтен качуу деп эсептейт

Turmush -  Бүгүн, 31-майда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн подполковник Таирбек Уларовдун жакындары айыпталуучу тараптын аялы Н.Ражапованын кыйноо фактысы боюнча көрсөтмөсүнө түшүндүрмө беришти.

Жыйынга чогулгандардын айтымында, Н.Ражапова буга чейин көрсөтмөлөрүн бир нече жолу өзгөрткөн. Андагы абактагы кыйноо, боюнан түшкөнү тууралуу маалыматтар экспертизанын кортундусуна дал келбейт. Н.Ражапова мындан мурда милиция кызматкерлери желим бөтөлкө менен зордуктап кыйнашкандыгын айтып чыккан.

«2017-жылдын 5-апрелинде УЗИге түшүп, 6-апрелде аборт жасаткан. Көп өтпөй Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылып, милиция кызматкерлери желим бөтөлкө менен зордуктап, боюнан түшкөндүгүн айткан. Бирок соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык Ражапованын жыныстык мүчөлөрүндө жаракаттар байкалбагандыгы жана анын боюнан түшүүсү дагы дал келген эмес. Ал жөн гана кош бойлуулукту коргонуу максатында калкан катары колдонууда»,-деди маркум Т.Уларовдун жубайы Нургүл Меңдиева.

Маркумдун эжеси Зулфия Уларова күнөөлүүлөр кандай амал колдонсо да тиешелүү жазасын алуусу шарт деген пикирде.

«Ражапованын «милиция кызматкерлери кыйнады» деген көрсөтмөсү жалган. Ал актриса болуп, инимдин өлүмүнө тийиштүү жазасынан качууну жана инимдин өлүмүнө күнөөкөр күйөөсү Ш.Д.нын жаза мөөнөтүн жеңилдетүүнү көздөп жатат. Ошондуктан анын көрсөтмөсүн жокко чыгарууга чакырат элем», - деди З.Умарова.

Н.Ражапова буга чейин да соттолгондугун Т.Уларовдун жактоочусу Динара Турдуматова билдирди.

«2010-жылы Бишкек шаардык соту Н.Ражаповага алдамчылык фактысы менен иш козгоп, 4 эпизод менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган. Мындан сырткары да бир нече адамдарды алдап акча алып жүргөндүгү аныкталып, Ош облустук сотунун өкүмү менен карыздары өндүрүлдү. Анын бул жолку арызын да адилет карап, туура чечим чыгарууга чакырабыз», - деди жактоочу.

Ал эми, Н.Ражапова маалымат жыйында айтылган маалыматтарды четке кагып, укук коргоо органдарына карата (кыйноо фактысы боюнча) мыйзамдуу иш козголгонун айтты.

«Кыйноо фактысы боюнча Башкы прокуратура иш козгоп, учурда УКМКда тергелип жатат. Подполковниктин жакындары менин боюмдан түшүүсү боюнча документтерди жасалма деп жатышат. Менде желим бөтөлкө боюнча экспертизанын жыйынтыктары бар. Менин соттуулугум 2012-жылы бүткөн. Бул окуяга тиешеси жок. Ал эми жолдошум соттолгон эмес», - деди Н.Ражапова.

Подполковниктин өлүмү боюнча Н.Ражапова алгач күбө катары камалып, кийин бошотулган.

Подполковник Т.Уларовдун өлүмү боюнча Ош шаардык соттун чечими:

Ош шаардык соту 2018-жылдын 20-мартында Т.Уларовдун өлүмү боюнча өкүм чыгарган. Анда айыпталуучулардын бири 23 жылга, экинчиси 7 жылга эркинен ажыратылган болчу. Мындай чечимге нааразы болгон жабырлануучу тарап айыпталуучуларды өмүр бою эркиндигинен ажыратуу талабы менен Ош облустук сотуна кайрылышкан. Учурда иш облустук соттун кароосунда.

Подполковник Т.Уларовдун жансыз денеси 2017-жылдын 23-мартында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө жолдун боюнда токтоп турган көк түстөгү «Митсубиси» үлгүсүндөгү унаанын ичинен табылган болчу.

Маалымат жыйында тартылган тасманы бул шилтеме аркылуу көрсөңүздөр болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1059
Көп окулду
×